Кытайлыктан 3 миң доллар пара сураган. "Манас" аэропортунда чек арачы кармалды

Кылмыш иши козголуп, офицер убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. УКМК "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген К. К. К. аттуу улук лейтенантты кармады. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал Кытай жаранынан үч миң доллар пара талап кылган деп шектелүүдө.
1 / 3

УКМК "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунда иштеген К. К. К. аттуу улук лейтенантты кармады

2 / 3

Маалыматка ылайык, ал Кытай жаранынан үч миң доллар пара талап кылган деп шектелүүдө

3 / 3

Чек ара кызматынын офицерин чекисттер 100 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүргөн

Чек ара кызматынын офицерин чекисттер 100 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүргөн.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен кылмыш иши козголгон.
Милиция: Ошто элди алдаган делип кооперативдик ишкананын жетекчиси кармалды