БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. НАТОнун Чыгышты карай кеңейиши азыркы Украина кризисине байланышкан жана бул кырдаалды жөнгө салуу Вашингтон менен НАТОнун колунда. Бул туурасында Синьхуа агенттиги Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзяндын брифингде билдиргенин жазды.
"АКШ өкмөтүнүн НАТОну Чыгыш тарапка кеңейиши боюнча чечими бүгүнкү Украина кризиси менен байланышкан", — деген дипломат.
Ал акыркы ондогон жылдар бою эл аралык маселе боюнча эксперттер НАТОнун Россияга каршы чыгып, аймагын кеңейтиши АКШнын саясаттагы каргашалуу катасы болот деп айтып келгендиктерин, бирок "тилекке каршы, АКШ өкмөтү аны тоготпой койгондугун" белгиледи.
"Украина кризисин чечүү АКШ менен НАТОнун колунда турат. Бул көйгөйдү жараткан Кошмо Штаттар менен НАТО Украина кризисиндеги өзүнүн ролун кайра карап чыгып, абалды жөнгө салып, көйгөйдү чечүү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып иштиктүү кадамдарга барат деп ишенебиз", — деген ал.
ТИМ өкүлүнүн айтымында, Кытай да АКШ Украинадагы абалдын жайгарылышына өбөлгө түзүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен иш алып барып, адилеттүүлүк, тынчтык тарабында болоруна ишеним артып жаткандыгын билдирген.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Бүгүн Россия менен Кытай коопсуздук жаатында кызматташууну сүйлөшкөндүгү тууралуу маалымат тарады. Тараптар Кытай — Россия мамилеси, коопсуздук, террорчулукка каршы күрөшүү боюнча эки тараптуу кызматташуу тууралуу пикир алышкан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.