БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги ("Кыргызпатент") жаш калемгерлердин арасында "7 жаш автор" республикалык адабий конкурс жарыялай турганын билдирди.
Конкурстун багыты — проза, поэзия, драматургия.
Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:
чыгармалар мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алынат;
сынакка эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана катышат;
чыгармалар компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1 интервал, Times New Roman арибинде терилип, 250 беттен ашпоого тийиш;
кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек.
Конкурстун максаты жаш авторлордун талантынын ачылышы үчүн жагымдуу шарт түзүү, чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана көмөк көрсөтүү, мыкты чыгармаларын аныктоо экени айтылды.
Каалоочулар материалдарын 2022-жылдын 15-мартынан 31-июлуна чейин dinara.akun@patent.kg электрондук дарегине жөнөтүп же Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62 дарегине саат 09:00дөн 18:00гө чейин тапшырса болот.
Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29, (0700) 84-83-29.