Радио

Жолочу кызы: Россия ЕАЭБге кумшекерди экспорттоого тыюу салган жок

Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси Чолпонай Жолочу кызы өлкөдө азык-түлүккө таңсыктык жок экенин айтты.
Sputnik
Кумшекерди биз негизинен Россиядан импорттойбуз, мындан ары деле эч кандай чектөөлөрсүз алып келинет, болгону ЕАЭБге мүчө өлкөлөр аталган өлкөнүн Айыл чарба министрлигинен макулдук алуу пункту кошулду. Россия Федерациясынын кумшекерди экспорттоого ушул жылдын 31-августуна чейин киргизген чектөөсү ЕАЭБден сырткаркы өлкөлөргө тиешелүү. Бул тууралуу Чолпонай Жолочу кызы Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө дан азыктарынын 2,5 айга, кумшекердин үч айга жетчү запасы бар.
"ЕАЭБ мамлекеттеринин үчүнчү өлкөлөрдөн кумшекерди импорттоосу боюнча документ кабыл алынган. Анын негизинде Кыргызстанга 70 миң тонна шекерге квота берүү каралган. Россияга 100 миң, Беларусь үчүн 300 миң жана Казакстанга 250 миң тонна үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинери күтүлүп жатат. Мындан сырткары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алкагында бардык азык-түлүктөр, анын ичинде кумшекер дагы эч кандай чектөөсүз, тыюусуз эле импорттолуп жана экспорттолот. Ошондой эле өкмөттүн токтому менен кумшекер жана суу майды импорттоодо кошумча нарк салыгы алып салынды. Мунун баары аталган азык-түлүктөргө болгон туруктуу бааны кармап калуу үчүн жасалууда. Андыктан элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз. Калк азык-түлүктү адаттан көп өлчөмдө сатып алуу менен алып сатарлардын гана капчыгын толтуруп жатканын унутпашы керек", — деди Жолочу кызы.
Ал аталган министрлик быйылкы айдап себүүдө дан эгиндерине жана кант кызылчасына басым жасай турганын кошумчалады.