Ишембиге карата аба ырайы

19-мартта республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ишембиде туруксуз аба ырайы сакталып, тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 0…+5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +1…+3 жана Ош калаасында +8…+10 градусту көрсөтөт.
Адаттагыдан жылуу... Апрель айына карата аба ырайы