ЕАЭБ менен Иран бажы алымысыз өтө турчу товарлардын тизмесин талкуулады

Эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки раунду апрель айынын аягында Москвада өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭС) менен Иран эркин соода аймагынын алкагында бажы алымысыз өтө турчу товарлардын тизмесин талкуулоого киришти. Бул тууралуу Тегеранда өткөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматы кабарлады.
"Келишимдин ченемдик-укуктук бөлүгүн даярдоо боюнча иштердин көбү аяктады. Биз бажы алымысыз сатыла турган товарлардын тизмесин талкуулап баштадык. Ирандык кесиптештер менен келишимди даярдоо боюнча ишти улантууну жана сүйлөшүүлөрдүн кийинки раундун апрелдин аягында Москвада өткөрүүнү макулдаштык", — деген ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин соода-сатыкты жөнгө салуунун атайын маселелери бөлүмүнүн башчысы Антон Цециновский.
ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу келишим 2019-жылы түзүлгөн.
ЕЭКтин маалыматы боюнча, ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда соода жүгүртүү 2021-жылы 5 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорту 2,1 эсеге (1,65 миллиард доллардан 3,42 миллиард долларга чейин), импорт 28,8 пайызга (1,25 миллиард доллардан 1,61 миллиард долларга чейин) өскөн.
ЕАЭБ мамлекеттери улуттук валюта менен эсептешүүнү макулдашты