Баткенде Ноорузду утурлай ат оюндары өтүүдө. Сүрөт

Оюндар элге майрамдык маанай тартуулоодон тышкары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнү жана мыкты спортчуларды тандоону көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Баткенде Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары өтүп жатканын КР президентинин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кечээ, 17-мартта, Баткен шаарындагы ат майданда көк бөрү оюну башталган. Бүгүн мелдештин экинчи күнү өтүүдө.
Оюндарга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан жалпы 12 команда катышууда. Финалдык оюн 21-март күнү болмокчу.
Мындан сырткары, 20-21-мартта спорттун эр эңиш жана салбуурун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт. Ушул эле күндөрү классикалык кыргыз күрөшү боюнча кармаштар болмокчу.
Турнирлер улуттук оюндарды жайылтууну, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнү жана мыкты спортчуларды тандоону көздөйт.
Радио
Сырдыбаев: көк бөрүдө калыстар мектебинин деңгээли бир топ өстү