Радио

Момункулов: өлкөдө 10го жетпеген балдар жазуучусу бар

Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов эгемендүүлүк алган жылдары балдар китептери көбүрөөк чыга баштаганын маалымдады.
Sputnik
Балдарга арналган китептердин түрү союз учуруна салыштырмалуу көбөйгөнү менен нускасы кыйла аз. Себеби азыркы тапта мамлекеттик каржылоо жок. Бул тууралуу Койчуман Момункулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарга арналган китептерди чыгаруу салыштырмалуу кымбатыраак.
"Союз учурунда жылына балдарга арналган 60-80 аталыштагы китеп чыгып турган. Алардын ар биринин нускасы кеминде 10 миңден 200 миңге чейин жетер эле. Учурда балдар адабияты боюнча жылына 100-130 аталыштагы китеп чыгууда, бирок баары чогулуп нускасы 400 миңден ашпайт. Анткени азыркы тапта мамлекеттик каржылоо жок болгондуктан авторлор жазган китептерин өздөрү чыгарат. Ал эми аталган китептердин наркы чоңдорго арналган адабиятка караганда кымбат болот. Себеби баланы текст менен эмес, графика, сүрөт аркылуу кызыктыруу керек. Ошондуктан сүрөтчүнүн акысы кошулуп, түстүү басмадан чыгарылат. Авторлор тууралуу айта турган болсок, дээрлик бардык жазуучулар балдарга арналган чыгармаларга кайрылат, бирок такай балдар адабиятын чагылдырган 10го жетпеген жазуучу калган. Алардын катарында жаш акын-жазуучулар да бар", — деди Момункулов.
Ошондой эле учурда балдарга арналган китептердин сапаты авторлордон көз каранды экенин кошумчалады.