БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Аллергиясы, кант диабети жана бөйрөк оорусу бар адамдар коронавируска каршы вакцина ала алат, бирок бир катар эрежелерди эске алуу керек. Бул тууралуу Республикалык штаб айтып берди.
Маалыматта мындай оорусу барларга адатта вакцина алууга болбойт деп айтылып келери белгиленген.
Аллергия
Аллергиясы бар адамдар башкалардай эле эмдөөдөн өтө алышат. Бирок вакцина алуунун алдында дарыгер менен кеңешүү зарыл. Оору күчөп турган маалда, анафилактикалык шок болуп же Квинке шишиги бар болгон учурда гана эмдөөгө уруксат берилбейт.
Кант диабети
Кант диабети менен ооруган адамдар сөзсүз эмдөөдөн өтүшү керек. Дарыгерлер вакцина алып, вирустан коргонуу керектигин айтышат. Себеби кант диабетине чалдыккан бейтаптар COVID-19 оорусунун оор түрүнө кабылып келет. Абал начарлап турганда эмдөөдөн баш тарта туруш керек.
Бөйрөк оорулары
Бөйрөк оорулары бар адамдар эмдөөдөн өтүшү зарыл. Өзгөчө гемодиализ менен дарыланып жаткан бейтаптар вакцина алышы керек. Эмдөө дарыгер менен кеңешип, бөйрөктүн иштешин жана кан басымын текшергенден кийин жасалат. Оору күчөп турган убакта гана препаратты сайдырууга болбойт.