Жыл башынан бери Бишкекте 57 миң ирет жол эрежеси бузулган. Айыптын суммасы

Жолдо жүрүү эрежелеринин бузулушу боюнча бүгүнкү күнгө чейин 21, 5 миллион сомго жакын айып пул өндүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте жыл башынан бери айдоочулар менен жөө жүргөн шаардыктар жолдо жүрүүнүн эрежелерин 57 миң ирет бузган. Бул туурасында Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Аталган кызмат январь-февраль айларындагы жыйынтыкты чыгарышкан. Жолдо жүрүү эрежелеринин бузулушу боюнча 56 996 протокол түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин 21 миллион 401 миң 750 сомдук айып пул өндүрүлгөн.
Баарынан көп айыпка туура эмес жерге токтоткондорго (32 912 жолу), коопсуздук курун тагынбай жүргөндөргө (14 870), жөө жүргөндөр менен велосипедчендерге (1 890) салынган.
600 айдоочу автоунааны мас болуп айдап жүрсө, 372 киши тиешелүү документи жок рулга отурган.
Ээси айыпка жыгылып, айып короого токтотулган темир тулпарлардын саны 3 889 болгон.
Бишкектик блогер эреже бузган инспекторлордун өздөрүнө протокол түздүрдү. Видео