Соода-өнөр жай палатасы мурдагы вице-президентинин кармалышы боюнча үн катты

Башкы прокуратуранын имараты. Архив
Кечээ мекеменин жетекчилеринин бири алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Соода-өнөр жай палатасы Башкы прокуратуранын аталган мекеменин вице-президенти Ш.К.А. кармалды деген маалыматы боюнча үн катты.
Кечээ башкы көзөмөл органы тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ш.К.А. жана Д.Н.Э. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттери боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, биринчиси кармалып, экинчисине эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган.
Буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын сайтында Ш.К.А. инициалына дал келген Шатманов Канатбек Асылбекович аттуу киши вице-президент болгону тууралуу маалымат бар эле. Бирок ушул тапта ал өчүрүлгөн.
Аталган мекеменин билдиргенине караганда, Ш.К.А. (Шатманов) учурда вице-президент эмес. Ал бул кызматка коомдук башталышта дайындалган, тагыраагы, палатанын вице-президентине таандык ыйгарым укуктарга ээ эмес, анын ичинде Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы вице-президенти деп айтканга дагы болбойт.
2021-жылы ноябрда президиумдун отурумунда Шатмановду коомдук башталыштагы вице-президенттиктен алуу сунушталган. Буга "Соода-өнөр жай палатасынын ишмердүүлүгүнө аралашпай калганы жана мекеме менен байланышты жоготкону" себеп болгон.
Ошондой эле палата Башкы прокуратурага маалыматка тактоо киргизүү сунушу менен кайрылды.
Кишенчен адам. Архив
Бишкекте курулуш компаниянын башкы директору кармалды