КТРКдан машыктыруучу Нурбек Изабеков тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт

Даректүү тасманы Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алдындагы (КТРК) "Кыргызтелефильм" студиясы тарткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Эртең, 18-март күнү, саат 17:00дө КТРКдан "Нурбек агай" аттуу даректүү тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кыргызтелефильм" студиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тасманын каармандары: Кыргызстандын эркин күрөш боюнча аялдар командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, анын шакирттери Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, маданияттын жана кинонун белгилүү ишмерлери.
"Нурбек Изабеков дүйнөлүк деңгээлдеги спортчу кыздарды тарбиялай алды. Даректүү тасмадан көрөрмандар бул уникалдуу адам менен жакындан тааныша алышат", — деп айтылат маалыматта.
Даректүү тасма Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алдындагы (КТРК) "Кыргызтелефильм" студиясы тарабынан Ысык-Көл облусунда жана Казакстан Республикасында тартылган.
Тынай Ибрагимов — режиссер жана сценарийдин автору;
Эрнес Мамытов, Бактияр Мурадил уулу — операторлор;
Адилет Молдобеков, Гүлнара Дамир кызы — тартуу тобунун директору;
Нуржан Токомбаева — продюсер.
Көксөөсүнө шакирттери жетти. Алтын кыздардын "атасы" Нурбек Изабеков тууралуу 10 факт