Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москва менен Киев Чернобыль АЭСти биргелешип кайтарууга макулдашты

Россиянын аскерлери станцияны анын коопсуздугуна зыян келтирбегендей кылып көзөмөлгө алганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россия тарап Украинанын аскерлери менен Чернобыль АЭСинде коопсуздукту биргеликте камсыздоону макулдашты. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россиянын аскерлери Чернобыль АЭСин анын коопсуздугуна зыян келбегидей кылып көзөмөлгө алды. Станциянын күзөт батальонундагы украиналык аскерлер менен ал жакты чогуу кайтаруу макулдашылды", — деди Захарова брифингде.
Ал Россия тарап бул объектинин сакталышын камсыздоо үчүн дагы күч жумшай турганын белгилеген.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украина өзөктүү курал жасоого ниеттенген, анын негизги бутасы РФ болмок