Мектеп окуучулары 10 күндүк жазгы каникулга чыгышат

Окуучулар Нооруз майрамынан тарта эс алышат. Мектепте окуу кайра 31-мартта башталмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Өлкөдө мектеп окуучуларынын жазгы каникулу 21-марттан тарта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, каникулдун узактыгы 10 күндү түзөт.
Мектептерде сабак кайра 31-мартта башталат.
Кыргызстанда мугалимдер толтура турган документтердин саны кыскарат