Жогорку Кеңеште арыктап кеткен 500 миң гектар жайытты өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Айыл чарба министрлиги бул жерлердин "экономикалык пайдасы нөлгө барабар" экенин айтууда.
Андыктан бул жайыттарды фермерлерге өздөштүрүү, айыл чарба багытында колдонууга берүү сунушталган. Министрлик мунун артынан дыйкандар дагы, өлкө экономикасы дагы утушта болоруна ишендирип жатат.
Демилге тууралуу кененирээк Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыт жана мал өстүрүү департаментинин укук жана адам ресурстарын башкаруу секторунун башчысы Гүлнура Жакыпбекова айтып берет.
Урматтуу кесиптештер, сурооңуздарды (0553) 28-27-97 номериндеги Telegram-каналга жиберсеңиздер болот. Модератор түз эфирде окуйт.