Жаңы түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды

Фонд региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу, өлкөнүн алыскы аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүү, калктын аялуу катмарын окутуу менен алектенет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Өлкөдө уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен Туризмди өнүктүрүү фонду түзүлдү. Бул чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттөн кабарлашты.
Фонд региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу, өлкөнүн алыскы аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүү, калктын аялуу катмарын, тактап айтканда, аялдарды окутуу программаларын жана мастер-класстарды өткөрүү менен алектенет.
Ошондой эле туристтик жайлардын базасында элди иш менен камсыз кылуу, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жаатында иш алып бармакчы.
Мындан тышкары, фондуда турлардын географиясын кеңейтүү, өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүү боюнча иштер жасалмакчы.
КМШ мамлекеттеринде туризм гүлдөйт. Эксперттин божомолу