Быйыл Кыргызстандын медициналык окуу жайларын 4 миңден ашык киши аяктайт

Алдын ала маалыматтарга караганда, 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4 386 адам бүтүрөт. Алардын ичинен 351и бюджеттик негизде окуса, 4 035и контракт төлөп билим алып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар боюнча маалымат берди.
Анда Кыргызстанда медициналык билим берген 23 жогорку окуу жай бар экени айтылат. Алардын ичинен алтоо мамлекетке караса, 17си менчик.
"Мамлекетке тиешелүү медициналык окуу жайларда 23 012 студент, менчик ЖОЖдордо 16 839 студент билим алууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Булардын арасынан 31 786 адам, тагыраагы, 77 пайызы чет элдик жарандар:
Индиядан – 14 456;
Пакистандан – 9 725;
Өзбекстандан – 5 174;
Россиядан – 668;
Казакстандан – 571;
Тажикстандан – 357;
башка жакынкы чет өлкөлөрдөн – 363;
башка алыскы чет өлкөлөрдөн – 472.
Алдын ала маалыматтарга караганда, 2022-жылы медициналык ЖОЖдорду 4 386 адам аяктайт. Алардын ичинен 351и бюджеттик негизде окуса, 4 035и контракт төлөп билим алып жатат.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандагы 17 жеке менчик медициналык окуу жай жабыларын билдирген. Министр алар талапка жооп бербей турганын айткан. Кийин ведомство 12 медициналык окуу жайды (бөлүм же факультет) жабуу чечими кабыл алынганын билдирип, алардын тизмесин жарыялаган.
Кыргызстанда медайымдарды окутуу үчүн жаңы программа иштелип чыкты