Аксы окуясына 20 жыл. Элдин аң-сезимин өзгөрткөн каргашадагы ирмемдер

Мындан 20 жыл мурун адам өмүрүн алган Аксы окуясы болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги андагы ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылы 17-мартта жергиликтүү эл нааразычылык акциясына чыккан. Алар камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талабын коюшкан. Демонстранттарды токтотуу үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир нечеси ур-токмокко алынган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы уюштурулган.
1 / 12

Нааразычылыгын билдиргендер 16-мартта эле чогула баштаган

2 / 12

Ал күнү чогулгандардын саны 2 000ге чукулдаган

3 / 12

Карапайым эл Кербенде, Токтогулда жана Таш-Көмүр шаарында үч топко бөлүнүп митинг өткөрүүнү пландаган

4 / 12

Маркум Шералы Назаркуловдун үйүнүн жанында чогулган жердештери

5 / 12

Бийликке нааразы болгондордун арасында кыз-келиндер да болгон

6 / 12

Погончондор элди таркатуу үчүн "Буран", "Тайфун" операцияларын өткөргөн

7 / 12

Аксы окуясына чейин укук коргоочу Шералы Назаркулов 22 күн ачкалык жарыялап, 6-февралда көз жумган

8 / 12

Асфальтта намаз окуган аксакалдар жана аларды курчоого алган милиционерлер

9 / 12

Анда бийлик куралсыз элге ок чыгарган

10 / 12

Аксы окуясында алты адам окко учуп, жаракат алгандар да көп болгон

11 / 12

Эл Азимбек Бекназаровду бошотуп, Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талабын койгон

12 / 12

Кийин бул окуя президент Аскар Акаевдин бийликтен кетишине себеп болгон