Милиция арызды албай, акча сурап же коркутса кайда кайрылуу керек. Видео

Ички иштер министрлиги ишинин кызыкчылыктарын саткан кызматкерлерге жана жемкорлукка баргандарга каршы күрөш жүргүзүп жатканын билдирип, бул темада ролик жарыялады.
Sputnik
Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматына маанилүү милдеттер коюлганы белгиленди.
"Министрликтин жетекчилигинин коррупцияга болгон мамилеси эч качан өзгөрбөйт, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылат. Бул ИИМдин принципиалдуу позициясы", — деп жазылган маалыматта.
ИИМ милиция кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттерге барса, анын ичинде арызды алуудан баш тартса, акча талап кылса же коркутса тез арада Ички иликтөө кызматына 0704 99-99-18 номери аркылуу байланышуу керектигин билдирди.