Ай-буйга келтирбей тамактан алып... Чаарчыктын аянычтуу видеосу

Экскурсовод Фрэнсис Киязи гепарддын чаарчыкты күчүктөрүнө кармап берип, алар тиштегилеп ойноп, акырында жырткыч жаңы туулган жаныбарды тамактап, көтөрүп кеткен аянычтуу окуяга күбө болгонун баяндаган.
Sputnik
Бул окуя Африкадагы Нгоронгоро деп аталган жаратылыш паркынын аймагында болгон.
Кадрдан гепарддын анча чоңоё элек төрт күчүгү жаңы туулган, ал тургай киндиги ката элек чаарчыкты тиштегилеп, ары-бери оодарып, качкан жеринен арткы шыйрагынан тиштеп токтотуп жатканын көрүүгө болот.
Бул көрүнүш бир топко созулган. Акыры балдарынын кыймылынан тажадыбы же кыжыры келдиби, айтор, пайда болгон эне гепард чаарчыкты тамактан тиштеп көтөрүп кеткен. Дал ошол моменттеги кызык картина жаралган. Кичинекей олжону тиштеп баратканда анын жанынан жаңы туулган экинчи чаарчык чуркап өтүп, жырткыч буйдалып, беркини сермегенге үлгүрбөй калган.