Эксперт евро кайсы учурда доллардан арзан болорун түшүндүрдү

Адис евро менен доллардын ортосунда өтө деле чоң айырма байкалбай калганын айтып, муну Европа экономикасындагы көйгөй менен байланыштырды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Форекс жана Москва биржасында доллар менен евронун рублге карата айырмасы кыскара баштады. Бул бир жагынан Европа экономикасындагы көйгөй менен байланыштуу болсо, экинчи жагынан банктардын учурдан пайдаланып акча таап калуу аракети экенин Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин экономика факультетинин доценти Александр Тимофеев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биржаларды ачар алдында евро/доллардын курсу мурдагы калыбына келе баштайт. Бүгүн рубль менен юань бекемделип, Россиянын активдеринин баасы кайра турукташышы ыктымал", — деген ал.
Эксперт мындай кырдаал Европа экономикасын алсыратат деген оюн билдирген. Тимофеевдин божомолунда, Европага мунай, газды рубль менен саткан учурда евро доллардан арзан болушу мүмкүн.
Долларды 98 сомдон сатып алышууда