Долонго көчкү түшүп жаткан учурдун видеосу

Нарынга кеткен жол учурда ачыла элек, тиешелүү кызматтардын карды тазалап жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Интернетте Нарын облусундагы эң бийик ашуулардын бири — Долондун жолуна түшүп жаткан көчкүнүн видеосу тарады.
Кадрдан кардын Бишкек — Нарын — Торугарт жолун тороп калганын көрүүгө болот. Кардан өтө албай калган жолоочулар өз ара сүйлөшүп, кырсыктан аман калганын талкуулап жаткан учуру да видеого жазылып калган.
Көчкү бүгүн, 17-мартта, болжол менен саат 10:00дө түшкөн. Мурдараак Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 296-297-чакырымында кар түшкөндүгүн, учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын кабарлаган. Андан сырткары, жолдун жогорудагы аталган бөлүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилгендигин айтышкан.