Доллар эки күндөн бери арзандап жатат

Доллардын баасы төмөндөп жатканына эки күн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы банктарда доллар арзандап жатат.
Доллардын баасы төмөндөп жатканына эки күн болду. Мисалы, кечээ эртең менен сатып алуу — 104,3 сом болсо, сатуу — 106,5 эле. Бүгүн эртең менен сатып алуу 98 сомдон 101,5ге чейин жетсе, сатуу 101,5тен 104 сом болуп жатты (акча алмаштыруу жайларында 100).
Саат 13:00гө карата банктардагы маалымат:
Сатып алуу — 96 сомдон 98 сомго чейин;
Сатуу — 99 сомдон 101 сомго чейин.
Эксперт евро кайсы учурда доллардан арзан болорун түшүндүрдү