Бишкектин кээ бир жеринде 22-мартта ичүүчү суу өчөт

Бул күнү "ХБО" суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери аткарылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкектин кээ бир аймактарында 22-март күнү таза суу жок болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Саат 9:00дөн 15:00гө чейин 7-Апрель, Анкара, Октябрь, Менделеев көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт.
Бул күнү "ХБО" суу кампсында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери аткарылмакчы.
Мэрия шаардыктарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.
Бишкекте калкты каттай турчу 67 бөлүм ачылат