Бишкекте каткан нанды таштоочу челектер орнотулду. Даректер

Демилгени шаардыктар арасында таштандыны иргөө маданиятын калыптандырууну көздөгөн жаш активисттер көтөрүп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкекте каткан нанды таштай турган атайын урналар орнотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Демилгени шаардыктар арасында таштандыны иргөө маданиятын калыптандырууну көздөгөн жаш активисттер көтөрүп чыккан.
"Ошондой эле алар мындай жол менен таштандыдан тамактын калдыгын издеген жолбун ит-мышыктардын азаярына үмүт артууда", — деп айтылат билдирүүдө.
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлерине күч келтирбеш үчүн нандын калдыктарын активисттер өздөрү чогултуп кетүүнү көздөп жатышат.
Учурда төмөнкү даректер боюнча 120 урна коюлду:
Саякбай Каралаев көчөсү, №16/1;
Саякбай Каралаев көчөсү, №64;
12-кичи район, №52;
12-кичи район, №41;
12-кичи район, №57а/4;
11-кичи район, №14/3;
Асанбай кичи району, №57а;
11-кичи район, №5;
6-кичи район, №22/1;
8-кичи район, №40/11;
Чокан Валиханов көчөсү, 3;
Туңгуч кичи району, №85/5;
Сухомлинов көчөсү, №24/1;
Сүйүмбаев көчөсү, №10/2;
Абдымомунов көчөсү, №272;
7-кичи район, №21/4.
Таштанды полигонуна бөлүнгөн 22 млн. евродон 6 млн. эле калды. Акча кайда?