Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Байдендин Путин боюнча айтканы кечиримсиз". Песковдун билдирүүсү

Жозеф Байден мурдараак Россия лидерин "аскер кылмышкери" деп эсептей турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кремль АКШ президенти Жозеф Байдендин Россиянын бомбасынан дүйнө боюнча жүз миңдеген адамдар каза тапты деген сөзүн кечирилгис деп атады. Маалыматты РИА Новости таратты.
"Мамлекет башчынын бул өлкөнүн бомбасынан дүйнө боюнча жүз миңдеген адамдар каза тапты деген кургак чечендигин кечиримсиз деп эсептейбиз", — деген РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Байден мурдараак Россия лидерин "аскер кылмышкери" деп эсептей турганын айткан.
Ак үй пулунун журналисттери америкалык президентке бул темада суроо салып, Байден ага башын чайкап жооп бергенин видеодон көрүүгө болот. Ал залдын ичинде отургандар менен сүйлөшүп чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип берилген соболду кайталап сураган. Бул ирет ал ишенимдүүлүк менен жооп берген.
Россия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операцияны баштаган. Президент Владимир Путин мындай кадамдын максаты "акыркы сегиз жылдан бери Киев режиминен запкы тартып келген элди коргоо" экенин билдирген. Куралдуу күчтөр сокку аскердик инфраструктура жана украиналык күчтөргө гана урулуп жаткандыгын айтып келет. Тилекке каршы, эки жактан тең курмандыктар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина, Батыш жана санкциялар... Путиндин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары