БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин терезесин караңгылатууну криминалдар пайдаланып кетет. Бул пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Учурда парламентте автоунаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоору талкууланууда.
ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов былтыр 7 437 жол кырсыгы катталып, кесепетинен 868 киши каза болгонун, анын ичинен 114ү жаш бала экенин айтты.
Акаев бул демилгеге толугу менен каршы экенин билдирди.
"Айылдагы дыйкандар Porter, Audi-100 унааларынын терезесин караңгылатып алып күндөн коргонобу? Бүт акчасы бар, жолтандабастарды минген көпкөн жаш балдар, эсирген адамдар караңгылатып жүргүсү келет. Жол кырсыгынын баарын ошолор кылып жатат. Телефондо сүйлөшөт, эрежелерди каалагандай бузат. Криминал муну эң көп пайдаланат. Криминалдын мен-мен деген кыйындарын көп болсо бир айга камадыңар, ээн-эркин атып кетүү, күнүгө авариялар болуп жатат. Ошону көрүп туруп караңгылатууга кантип уруксат беребиз", — деди Акаев.
Ошондой эле ал бюджетке болбогон каражат түшүрөбүз деп жүздөгөн өмүрлөрдүн кыйылышына себеп болбоого чакырды.