Жогорку Кеңештин депутаттары бир жума жыйынга чогулбай турган болду

Эл өкүлдөрү 28-март күнү иш ордуна келишет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары кийинки жумада жыйынга чогулбай турган болду.
Эл өкүлдөрү Нооруз майрамынан кийин төрт күн шайлоочулары менен жолугушууну чечти. Тагыраак айтканда, 22синен 26-мартка чейин жыйын өткөрүшпөйт. Демек, дем алыш күндөрүн кошкондо эл өкүлдөрү 28-март, дүйшөмбү күнү, иш ордуна келишет.
Төрага Мамытов диплому жасалма делген депутаттардын атын атоону талап кылды