БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын salyk.kg сайтынан "жеке кабинети" аркылуу электрондук түрдө тапшыруулары зарыл.
Мамлекеттик салык кызматы мунун себебин 2022-жылдын январь айынан тартып жеке ишкерлер салык отчетторун милдеттүү электрондук түрдө тапшырууга өткөндүгү менен түшүндүрдү.
"Декларацияны онлайн тапшыруу үчүн salyk.kg "жеке кабинетине" кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу зарыл. Бул үчүн salyk.kg сайтында маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү/калыбына келтирүү жөнүндө арыздын бланкын толтуруп, аны басып чыгарып, катталган жери боюнча салык органына бериши керек", — деп айтылган таратылган маалыматта.
"Жеке кабинетке" кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу менен декларация, отчетторду берүүгө, ошондой эле башка онлайн салыктык кызматтарды пайдаланууга болот.
Эске салсак, 1-апрелде жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;
салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер тилкенин (короо-жай участогунан башка) ээлери;
юридикалык жакты түзбөстөн иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.