Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: Россия менен сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл

Украина президенти сүйлөшүү Киевдин пайдасына чечилет деген үмүтүн билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский Telegram-каналындагы видео кайрылуусунда Украина менен Россиянын сүйлөшүүлөрү уланышы керектигин айтканын РИА Новости жазды.
"Биздин делегациянын өкүлдөрү Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантышы керек. Албетте, бул оор, бирок маанилүү", — деген Зеленский.
Ал сүйлөшүү Киевдин пайдасына чечилет деген үмүтүн билдирген.
"Жолугушуулар уланып жатат. Сүйлөшүүдө позициялар чындыкка жакындай баштаганын доклад жасагандар айтышууда. Бирок ал Украинанын кызыкчылыгына чечилиши үчүн убакыт керек", — деген Зеленский.
Буга чейин Украина делегациясынын мүчөсү Давид Арахамия Россия тарап менен сүйлөшүү кайра башталганын билдирген. Кийинчерээк Зеленскийдин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк сүйлөшүү шаршембиде уланарын кошумчалаган.
Эске салсак, Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү раунду 14-мартта болгон.
Байден баштаган 13 кишиге Россия санкция ыкмасын колдонмой болду. Тизме
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россия Европа кеңешинен расмий түрдө чыгат