Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украина өзөктүү курал жасоого ниеттенген, анын негизги бутасы РФ болмок

Россиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, Киев НАТОго кирүү планын акырындык менен ишке ашыра баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Украина бийлиги өзөктүү курал жасоого ниеттенип, өз аймагында биологиялык куралдын компоненттерин чыгарып жаткан. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин аймактарды социалдык-экономикалык жактан колдоо чаралары боюнча өткөргөн жыйыны учурунда билдирди.
"Анын айтымында, Киев НАТОго кирүү планын акырындык менен ишке ашыра баштаган. Жакынкы келечекте Киев режиминин колуна массалык түрдө жок кылуучу куралдар тийип калышы мүмкүн эле. Анда анын негизги бутасы Россия болмок. Ошондой эле Пентагондун жетекчилиги жана акчалай колдоосу менен ондогон лабораториялар иштеп, аскердик-биологиялык программаларды сатып жаткан. Ал тургай коронавирус, сибирь жарасы, холера сыяктуу кооптуу илдеттерге эксперимент жүргүзүлүп турган”, — деди Путин.
Мындан тышкары, ал бул нерсенин баары Россияга түздөн-түз коркунуч жаратарын айтканда Украина өзүнүн колдоочулары менен бирге эскертүүлөрдү кулак сыртында калтырганын кошумчалады.
"Демек, бизде дипломатиялык жол менен маселени чечүү мүмкүнчүлүгү калбай калган. Биз атайын операцияны баштоого аргасыз болдук”, — деди Путин.
Сөзүнүн соңунда ал Россиянын Украинаны басып алуу ниети жок экенин билдирди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы атайын операция ийгиликтүү өтүп жатат