Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина, Батыш жана санкциялар... Путиндин билдирүүсүнүн урунттуу учурлары

Владимир Путин азыркы абал боюнча айтып жатып Батыштын Россияга карата санкциялары, Украинадагы биологиялык куралдын компоненттери боюнча кеп кылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн, 16-мартта, Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы кырдаал, Батыш санкциялары жана экономикалык абал боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасады.
Төмөндө урунттуу учурларын сунуштайбыз:
АКШ менен Евробиримдик Россиянын алдындагы милдеттемелери боюнча дефолт жарыялагандай болушту, валюталык резервдерди тоңдуруп салышты;
жакынкы келечекте Киев режиминин колуна массалык түрдө жок кылуучу куралдар тийип калышы мүмкүн эле. Анда анын негизги максаты Россия болмок;
Украинанын Россияга жакын аймагында биологиялык куралдын компоненттери жасалып жаткан;
Россия Украинаны басып алууну каалабайт;
атайын операция бекитилген планга ылайык ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат;
социалдык төлөм жана пенсияларды көбөйтүү боюнча чечим кабыл алабыз;
Россиянын экономикасы жаңы шартка сөзсүз ылайыкташат;
Россия эч качан кемсинип жашабайт;
АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн санкцияларын Жер шарында жашаган мамлекеттердин жарымынан көбү колдогон жок;
Батышка суверендүү жана күчтүү Россиянын кереги жок;
Россия Батышка салыштырмалуу башкалардын пикирин сыйлайт;
Батыш жана башка мамлекеттердин ЖМКлары Донецкиге жиберилген ракеталык соккуну байкабай калышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы атайын операция ийгиликтүү өтүп жатат