Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинадагы атайын операция ийгиликтүү өтүп жатат

Россия лидеринин айтымында, Москва Киевден кан төгүлбөшү үчүн Донбасстан аскерлерди чыгарып кетүүсүн өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Украинадагы атайын операция ийгиликтүү өтүп жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин аймактарды социалдык-экономикалык жактан колдоо чаралары боюнча өткөргөн жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, Москва Киевден кан төгүлбөшү үчүн Донбасстан аскерлерди чыгарып кетүүсүн өтүнгөн.

"Аны каалашкан жок, демек, бул алардын чечими. Атайын операция ийгиликтүү өтүп жатат. Бардыгы алдын ала пландалууда”, — деди Путин.

Россия 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операцияны баштаган. Куралдуу күчтөр сокку аскердик инфраструктура жана украиналык күчтөргө гана урулуп жаткандыгын айтып келет. Тилекке каршы, эки жактан тең курмандыктар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: Киев австриялык же швециялык мамлекет вариантын сунуштап жатат