Улуттук банк 8 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту

Башкы банк акча алмаштыруу жайларынын ишине күчөтүлгөн тартипте көзөмөл жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Долларга байланыштуу кырдаалдан улам мыйзам талаптарын бузганы үчүн Бишкек шаарындагы сегиз акча алмаштыруу жайынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш парламенттин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, башкы банк акча алмаштыруу жайларынын ишине күчөтүлгөн тартипте көзөмөл жүргүзүп жатат.
Анын жыйынтыгында сегиз акча алмаштыруу жайынын лицензиясы 30-мартка чейин токтотулуп, кээ бирлерине айып салынды.
Улуттук банк рубль курсун эмнеге Bloomberg боюнча аныктап жатканын түшүндүрдү