Прокуратура: Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы вице-президенти кармалды

Алардын мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Соода-өнөр жай палатасынын мурдагы вице-президенти Ш.К.А. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Башкы прокуратура тарабынан Ш.К.А. жана Д.Н.Э. аттуу жарандардын алдамчылык аракеттери боюнча козголгон кылмыш иши тергелип, биринчи жаран кармалып, экинчисине эл аралык издөө жарыяланганы кабарланды.
Тергөөнүн жүрүшүндө 13 жыл мурдагы иш ачылган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө 2009-жылы Д.Н.Э. жана Ш.К.А. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 миллион сомго ири өлчөмдө ун сатып алышкандыгы аныкталган. Бирок бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген", — деп айтылган маалыматта.
Мындан тышкары, алар С.А. аттуу жарандын ишенимине кирип, күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү ага 15 миллион 705 миң сомго сатып, аталган жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкени айтылды.
Башкы прокуратура учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.
Бишкекте курулуш компаниянын башкы директору кармалды
MegaCom компаниясынын экс-жетекчиси Акылбек Жамангулов камакка алынды