Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев көп жылдан бери оорукана башкарып келе жаткан жетекчилерди чекесинен кызматынан алып, алар башкарган илимий борбор, институттарды жабууда. Мындай окуялардан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы негизги делген оорукана, илимий институттарды учурда ким жана канча убакыттан бери башкарарына кызыгып көрдү.
Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка таянсак, тизмедегилердин көбүнүн жетекчи болгонуна беш жыл толо элек. Оорукананы көп жыл башкаргандардын сап башында Руслан Токубаев турат. Анын Республикалык наркология борборун жетектеп келе жатканына быйыл 16 жыл болот. Белгилей кетсек, 2021-жылы Республикалык психикалык ден соолук борбору наркологияга кошулуп, Республикалык наркология жана психиатрия борбору болуп өзгөртүлгөн.
Министрдин реформасына кабылган медиктер
Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрь айынан бери башкарат. Ал кызматка келгенден бери 10дон ашык оорукананын жетекчиси алмашкан. Министр реформасын медицинадагы дөө-шаалардан баштап, белгилүү травматолог Сабырбек Жумабеков жетектеген Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып өзгөрттү. Жумабеков кызматынан кетип, оорукананы убактылуу Памир Муратов жетектеп жатат. Көп өтпөй Бейшеналиев Чүй облустук ооруканадагы белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун Хирургия реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жаба турганын билдирди.
Андан сырткары, саламаттык сактоо министри эмгек сиңирген кардиохирург Калдарбек Абдрамановду Жалал-Абаддагы Жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчилигинен кетире турганын жар салган.