Москвадагы "Манас" көрсөткөн кинолор. Россиялык блогердин кызыктуу видеосу

Россиялык белгилүү блогер, "Поехавший" YouTube каналынын автору Миша Ронкаинен Москва шаарындагы жалаң кыргыз кинолорун көрсөткөн кинотеатр жана анын ээси Венера Токторова тууралуу видео тарткан.
Sputnik
Эс алуучу маданий бул жайда ресторан да бар. Токторова аны бизнестеги өнөктөштөрү менен ачкан. Бул жерде жаңы чыккан кыргыз кинолорун көрсөтүп, андан сырткары, коомдук-маданий иш-чараларды өткөрүп келишет. Имарат 85 адамга ылайыкталган.
Ронкаинен бул видеобаянында кыргыз кино өнөрүндөгү легендарлуу доор "кыргыз керемети" туурасында да айтып берген. Кезегинде италиялык атактуу кинорежиссер Бернардо Бертолуччи Кыргыз ССРине аталган тармактагы өнөр ээлеринен тажрыйба алууга аттанып келгенин белгилеген. Фрунзедеги "Кыргызфильм" жараткан киноленталар ааламды айланып, атактуу делген кинофестивалдарда салмактуу орундарды ээлеген.
Эске салсак, Москвада "Киргизия" аталышындагы кинотеатр да иштейт. 2018-жылы Москва бийлиги аны капиталдык түрдө реконструкциялоону баштаган. Атайын долбоордун алкагында имаратты сүздүрүп, ордуна көңүл ачып эс ала турган маданий борбор тургузушкан.