Милиция: Ошто элди алдаган делип кооперативдик ишкананын жетекчиси кармалды

Милициядан билдиргендей, бүгүнкү күндө сөз болуп жаткан кооперативдин үстүнөн 24 жабырлануучу арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарында үй алып берүүнү убадалаган кооперативдик ишканалардын биринин жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Ош шаарында үй алып берүүнү убадалаган кооперативдик ишканалардын биринин жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Анын берген маалыматына ылайык, көп адамдар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан.
"Ош шаарынын аймагынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбай жүргөн деп шектелип, S-LINE кооперативинин 28 жаштагы жетекчиси кармалды. Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 24 жабырлануучу арыз жазган. Алар кооперативге кирүү үчүн 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген сумманы төгүп турушканын айтышууда. Жабырлануучуларга келтирилген зыян бир нече миллион сомдон ашкан", — деп айтылат маалымат катчынын билдирүүсүндө.
Ошондой эле милициядан бул кооператив мындай жол менен финансылык пирамида катары иш жүргүзгөн деп шектелип жатканын айтышты.
Аталган факты боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ("Алдамчылык") ылайык кылмыш иши козголгон.
Ош шаардык милициясы ушул сыяктуу кооперативдерден алданган жарандардын көп экендигин эске алуу менен башка жабырлануучулар болсо укук коргоо органдарына кайрылуусун суранат.
Радио
Сыдыков: жаран турак жай кооперативинен акчасын кайтарып ала алат