Кыргызстандык жаш боксчулар Иорданиядагы чемпионатта 13 медаль утту. Сүрөт

Ийгилик багындырган курама командалардын спортчуларын чемпионатка улук машыктыруучулар Айбек Байсаяков менен Улан Төлөнбай уулу таптап, алып барганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы жаштар жана юниорлор арасындагы Азия чемпионатында 13 медаль утуп алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлады.
Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Амман (Иордания) шаарында 27-февралдан 15-мартка чейин өткөн жаштар жана юниорлор арасындагы Азия чемпионатында ийгилик жаратып кайтты.
Юниорлордон турган курама команда алты коло, бир күмүш медаль, ал эми жаштардын курама командасы бир алтын, үч күмүш жана эки коло медалга ээ болгон.
Юниорлор:
күмүш – Кылычбеков Эмир 50 кг;
коло – Камилов Зафарбек (46 кг), Данияров Темирхан (48 кг), Кадыров Рамзан (63 кг), Закиров Мухаммадазиз (75 кг), Чойбеков Азим (80 кг) жана кыздар арасында Назбийке Абаева (52 кг) 3-орунду камсыздаган.
Жаштар:
алтын – Алмаз Орозбеков (60 кг);
күмүш – Эргешов Бекзат (48 кг), Акжол Асылбек уулу (57 кг);
коло – Теңизбеков Санжар (86 кг), Арген Бактыбеков (92 кг), Жодар Сапарбеков (92 кг өйдө).
Ийгилик багындырган курама командаларды улук машыктыруучулар Айбек Байсаяков менен Улан Төлөнбай уулу таптап, алып барганы айтылды.
Укмуш ыкмаларды жасап... Айпери Медет кызы Түркиядагы турнирден алтын алды. Видео