Күйүүчү май дагы кымбаттайт. Антимонополия кызматынын эскертүүсү

Доллардын курсу өскөнүнө байланыштуу күйүүчү май кымбатка түшүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттайт. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков парламентте билдирди.
Анын айтымында, учурда күйүүчү май Россиядан жогорку баа менен сатып алынууда.
"Күйүүчү май дагы кымбаттайт. Азыр запастардан маселе болуп жатат. Бүгүнкү күндө бензиндин 14 күндүк, дизелдик майдын эки айлык запасы бар. Биздикилер келишимди доллар менен түзүп жатпайбы. Бааны түз жөнгө сала албайбыз, бирок нефтетрейдерлерге койгон талаптарыбыз бар. Керектөөчүлөрдү ойлоп, бааны кескин көтөрбөй иреттүү саясатты алып барат. Биз импортко 90 пайыз көз карандыбыз. Азыр баа 50-60 тыйындан көтөрүлүп жатат. Күйүүчү майдын жаңы партиясы келсе бааны эсептейбиз. Талдоолорду жүргүзүп, рыноктук механизмди колдонобуз", — деди Тайлаков.
Ошондой эле ал Россия ички рынокту арзан кармаган менен экспортко жогору баада сата турганын кошумчалады. Ал эми мунай өндүрүшү боюнча ЕАЭБдеги бирдиктүү саясат 2025-жылдын 1-январынан баштап ишке ашат.
Бензин кымбаттап, алтын арзандады. 16-мартка карата баалар