Маммология, Урология жана Реконструкциялык хирургия борборлору бөлүмгө айланды

Министрлик борборлордун бөлүм болушу медициналык тейлөөнүн сапатына таасир этпей турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандын ири ооруканаларындагы үч борбор бөлүмгө айланганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Тиешелүү чечим министрликтин буйругунун негизинде кабыл алынган. Мекеме оорукананын ичинде борборлордун иш алып барышын максатсыз деп тапты.
Борбор катары ишин токтоткон медициналык жайлар:
Бишкектеги Онкология жана гематология борборунун алдындагы Маммология борбору:
Чүй облустук бириктирилген ооруканадагы Реконструкциялык-калыбына келтирүүчү хирургия борбору;
Улуттук госпиталдын алдындагы Урология илимий борбору.
Министрлик борборлордун ишинин токтотулушу медициналык тейлөөнүн сапатына таасир этпей турганын, азыр бөлүмдөр штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи.
Министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасындагы чуунун себебин түшүндүрдү