Билим берүү жана илим министринин орун басарлары алмашты

Жалпысынан министрдин төрт орун басары бар. Алардын ичинен Бактияр Орозов менен Надира Жусупбекова ордунда калды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин эки орун басары алмашты. Бул тууралуу ведомство жетекчисинин жардамчысы Ильгиз Султанов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, Айгүл Абдраеванын ордуна Улан Мамбетакунов келди. Ал эми Гүлнур Жайнакованын ордун Расул Абазбек уулу ээлеп калды.
Жалпысынан министрдин төрт орун басары бар. Биринчи орун басары — Бактияр Орозов. Экинчиси Надира Жусупбекова мектептеги билим берүү тармагын көзөмөлдөйт.
Бишкекке жаңы вице-мэр жана эки аким дайындалды