Кыргызстандын банктары насыянын ставкасын көтөрө баштады. Сереп

Sputnik Кыргызстан ата мекендик банктардын кайсынысы кредиттик ставкаларды көбөйткөнүн же болбосо жогорулатууну пландап жатканын билип көрдү.
Sputnik
Окурман Кыргызстандагы банктардын биринде кредиттин коюму жогорулаганын билдирди. Биз бардык 22 банкка үч суроо менен кайрылдык: кредиттин коюму өстүбү? Эгер өскөн болсо, канчага жана себеби эмнеде? Эгер жогорулай элек болсо, көбөйтүү пландалып жатабы?

Белгилей кетели, жоопту бардык банк берген жок

10-мартта Улуттук банктын эсептик коюму 10дон 14 пайызга (Улуттук банк коммерциялык банктарга берген каражаттын пайыздык өлчөмү) чейин өскөн. Ставка инфляцияны кармап туруу үчүн жогорулатылат. Бирок кредиттер кымбаттап кетсе экономикалык активдүүлүк төмөндөйт.

"Оптима банк"

Доллардын курсунун өзгөрүшү жана эсептик ставканын өсүшүнө байланыштуу кредиттердин пайыздык коюмдары кайра каралып чыккан. Бирок банк канчага жогорулаганын айткан жок. Муну кредиттин пайызы валютанын түрүнө, сумманын көлөмүнө жана максатына жараша болорун айтып түшүндүрүштү.

"Компаньон банк"

Кредиттин кээ бир категорияларынын эсептик коюмдары жогорулады.
"Кредиттик ресурстарга болгон сезондук суроо-талаптын өсүшү жана биз чет өлкөдөн алып келген ресурстардын кымбатташы насыянын жогорулашына алып келди", — деп айтылат маалыматта.

"Кыргызстан" коммерциялык банкы

Кредиттердин коюмдары өскөн жок, бирок жакынкы аралыкта бир аз өзгөртүүлөр (1-2 пайыздын тегерегинде) болушу мүмкүн.
"Льготалык ставкалар менен жарыяланган кредиттик аукциондорду убактылуу токтотууга туура келди. Буга эсептик коюмдун өсүшү, валюта курсунун туруксуздугу жана башка чектөөлөр таасир этти", — дешти банктан.
Улуттук банк "Элкарт" пайдаланууну сунуштады. Артыкчылыктары

"FINCA банк"

Пайыздык коюмдар мурдагы эле деңгээлде сакталып турат.
"Рыноктогу абалга көз салып турабыз. Улуттук банк эсептик коюмду 14 пайызга чейин жогорулатты, буга рынок реакция кылса керек. Мындан улам кредиттер менен депозиттердин ставкалары кайра каралат. Бирок азырынча биз тараптан конкреттүү аракеттер жасала элек", — дешти банктан.

KICB

Коюмдар өзгөргөн жок.
"Учурдагы рынокко күн сайын мониторинг жасалып жатат. Өзгөрүүлөр болгон учурда маалымат банктын расмий баракчаларына (сайт, соцтармак) жарыяланат", — дешти финансылык мекемеден.

"Бакай банк"

Комментарий берген жок.

"Айыл банк"

Коюмдар өзгөргөн жок.

"Азия банкы"

Ставкалар өзгөргөн жок.
"Коюмдар жогорулатылабы деген суроого жооп берүү азырынча оор болуп жатат", — дешти банктан.

"Керемет банк"

Коюмдар өзгөрбөгөнү менен рынок изилденүүдө.

"РСК банк"

Ошкош жооп: коюмдар өзгөрбөгөнү менен рынок изилденип жатат.
Улуттук банк 8 акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту