Радио

Шабданов: криптовалюта аркылуу тез киреше тапкысы келгендер алданууда

"Енвойс Вижион Диджитал Эксчейндж" ААК универсалдык биржасынын башкаруучулугунун төрагасы Алмаз Шабданов криптовалюта тууралуу түшүнүгү жок жарандар тез акча табууну көздөп, алданып жатканын айтты.
Sputnik
Криптовалюта рыногунда инвестиция кылган кыргызстандыктардын саны өсүп жатат. Бул тууралуу Алмаз Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, финансылык сабаттуулукту арттыруу учурдун талабы болгондуктан бул тармакка жакшы көңүл буруу керек.
"Бүгүнкү күндө криптовалюта рыногунун кулачы кеңейди. Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен бул рынокто соода-сатык абдан тездик менен өсүп жатат. Жакынкы жылдары ар бир өлкө бул аянтчада ири сатык жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. Албетте, ал мамлекеттин саясий эркине, экономикасына түздөн-түз байланыштуу. Кыргызстанда да акыркы жылдары криптовалюта тууралуу маалымат алып, ишмердүүлүк жүргүзүүнү каалагандар бар. Криптовалюта аркылуу тез арада киреше тапкысы келгендердин саны арбыды. Биз жаштар арасында финансылык сабаттуулукту көтөрүү боюнча көп иштерди жасашыбыз зарыл. Так маалымат албай алданып калгандар да көп", — деди Шабданов.
Ошондой эле адис өлкө башчысы криптовалютанын жүгүртүүсүн жөнгө салуучу "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамга кол койгонун, ал мыйзам блокчейн, виртуалдык актив, виртуалдык актив капчыгы, майнинг, майнинг жабдуулары, өнөр жай майнинги, виртуалдык активдерди сатуу оператору, санариптик токен, виртуалдык актив эмитенти жана башкалар сыяктуу түшүнүктөрдү камтый тургандыгын кошумчалады.