Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев: Казакстан супер президенттик башкаруудан баш тартат

Өлкө башчысы саясий реформа жүргүзүү боюнча долбоор сунуштап жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республика супер президенттик башкаруудан баш тартып, күчтүү парламенти бар президенттик башкарууга өтө турганын билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-мартта, коңшу өлкөнүн башчысы парламент палаталарынын бирдиктүү жыйынында элине кезектеги кайрылуусун жасады.
Токаев мындай система элдин жыргалчылыгы үчүн иштей турганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө бардык иш президенттин колунда, мындай жол туура эмес. Акырындык менен бул практикадан кетиш керек. Мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыгы мен үчүн кошумча ыйгарым укуктарга караганда маанилүү", — деди Токаев.
Өлкө башчысы саясий реформа жүргүзүү боюнча долбоор сунуштап жатканын белгилеген.
"Бул документ коомчулуктун суроо-талабына жооп берет. Биз реформаны кагаз эмес, иш жүзүндө жүргүзүп жатабыз. Бул куру убада эмес. Биз ар бир казакстандык сезе турган конкреттүү чараларды көрүшүбүз керек", — деди ал.
Токаев жакында эле "Аманат" деп өзгөртүлгөн Nur Otan партиясынын төрагалыгынан, жадагалса анын катарынан дагы кете турганын айтты. Муну мыйзам менен дагы беките турганын белгиледи. Ага ылайык, президент ыйгарым укуктары токтогонго чейин партияга мүчө боло албайт. Акимдер дагы партиянын аймактагы филиалдарын жетектебей турган болот.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда 19 чет элдик жаранга иш козголду, арасында эки кыргызстандык бар