Каржы пирамидасы: өлкөдө эки айда 133 киши 61 млн. сом чыгым тартты

Каржы пирамидасына көбүнчө Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдө жашагандар алданган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын эки айында 133 киши каржы пирамидасына алданып, 61 миллион сом чыгым тартты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 2022-жылдын январь жана февраль айларында министрлик тарабынан каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча сотко чейинки 111 өндүрүш иши тергелип, анын 91и сотко жиберилген.
Жогорудагы фактылардын көбү Бишкекте, андан кийин Ошто жана Ысык-Көлдө катталган.
Министрлик жарандарды оңой акча табууга азгырылбай, каражатты кайсы бир жакка салууда этият болууга чакырды.
Алдансаңыз дароо кайрылыңыз! ИИМ каржы пирамидаларынан оолак болууну эскертти