Парламент Исфана шаарынын аталышын Раззаков деп өзгөртүүгө макулдук берди

Президент өткөн жылдын 25-декабрында Исфана шаарынын аталышын алмаштыруу жарлыгына кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Исфана шаарын Раззаков деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.
Жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев баяндама жасады.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоору министрлер кабинетинин токтому менен жактырылды. Исфана шаарынын жашоочуларынын, шаардык кеңештин, Лейлек райондук акимчилигинин, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн чечими эске алынды.
Жыйында депутаттар Өмүрбек Бакиров менен Арсланбек Малиев шаардын аталышын Раззаков эмес Исхак Раззаков деп атоону сунуштады.
"Эмне үчүн Раззаков деген фамилиясын койдуңуздар да Исхак деген атын алып койдуңуздар? Бүгүнкү күндө Раззаков деген фамилия көп да, андыктан биз атын кошуп жазышыбыз керек. Раззак деген Исхак аксакалдын атасы болгон да. Биз шаардын аталышын Исхак Раззаковдун өзүнө берип жатпайбызбы", — деди Бакиров.
Буга Жантаев Улуттук илимдер академиясы "кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринде Раззаков деп атоо туура" деген корутунду чыгарып бергенин айтты.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 25-декабрында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарын өзгөртүп, ага мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын берүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Кадамжайдын Халмион айыл өкмөтүнүн аталышы Полот хан болуп өзгөрөт