Дыйкандар үрөндү кантип алат? Министр жөнөкөй жолун айтты

Министр март айында беш миллиард, апрель айында беш миллиард сом насыя алты пайыздык үстөк менен берилерин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Дыйкандар Кыргызстанга сырттан келчү жер семирткичтерди, үрөндү Мамлекеттик материалдык резервдин кампасынан арзан баада ала алышат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскар Жаныбеков Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маегинде билдирген.
Министр журналисттин суроосуна жооп берип жатып дыйкан үрөндү кантип алса болорун түшүндүрүп берген.

"Мамлекеттен үрөн алуунун шарты да жөпжөнөкөй. Аны нак акчага же "Айыл банк" аркылуу эки жылга 4,5 пайыздык үстөк чени менен ала алышат. Үйүн күрөөгө коюп, толгон-токой документ даярдоонун зарылчылыгы жок. Жөн гана аялынын же күйөөсүнүн паспорту, айыл өкмөттөн айдоо аянты же ижарага алган жери бар деген маалым кат эле керек. Ушундай жеңил шарт менен үрөн ала алышат. Андан сырткары, жеңилдетилген насыялар да берилүүдө", — деген Жаныбеков.

Өкмөт өкүлү "Айыл чарбасын каржылоо 10" долбоорунун алкагында дыйкандар март айында беш миллиард, апрель айында беш миллиард сом насыяны алты пайыздык үстөк чен менен ала аларын кошумчалаган.
Министрдин маегин толугу менен бул жерден окуй аласыздар.
Алмайдын бермейи бар, насыяга той өткөрбөгүлө! Садыр Жапаров дыйкандарга кайрылды