Обу жок, уят клиптерди көрсөтүп жатасыңар! Депутат КТРК жетекчилигин сындады

Директор Кайрат Иманалиев учурда көркөм кеңеш түзүлүп, клиптерге ревизия кылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров КТРК эфиринен эротикалык клиптерди көрсөтүп жатат деп сындады.
Учурда парламентте КТРКнын макамын "улуттук" деп өзгөртүү мыйзам долбоору каралууда.
"КТРКнын карамагындагы "Музыка" каналында обу жок, уят клиптерди көрсөтүп жатасыздар. Ошону көргөн эл, өспүрүмдөр кайсы жакка карай багыт алат? Мындай клиптерди чыгарганга ким уруксат берип жатат? Улуттук кийимдерди даңазалагыла, эмне кыласыңар чет мамлекеттин эротикасын көрсөтүп", — деди Бакиров.
КТРКнын директору Кайрат Иманалиев көркөм кеңеш түзүлүп, келип түшкөн клиптерди кайра башынан көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, "Музыка" каналынын фондундагы клиптердин баарына ревизия кылат. 14-марттан баштап кирген өзгөрүүгө ылайык, ар бир келген клип көркөм кеңештин кароосунан өтмөйүн эфирге чыгарылбайт.
КТРКнын макамы өзгөргөндөн кийин кызматкерлердин маянасы жогорулайт. Суммасы