Депутат Масалиев хирург Акрамовго мамлекеттен үй алып берүүнү сунуштады

Эл өкүлү Акрамов Жогорку Кеңештин депутаты болгонун, Кыргыз Эл баатыры наамы бар экенин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты хирург Эрнст Акрамовго мамлекеттен турак жай алып берүүнү сунуштады.
Эл өкүлү бүгүн пленардык жыйындын башында төрага Талант Мамытовго кайрылып, үй менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштаган.

"Эки күндөн бери коомчулукта дүрбөлөң болуп жатат. Белгилүү хирургубуз Эрнст Акрамов жумушсуз калып, эми жашай турган жери жок экен. Урматтуу төрага, карап көрсөңүз, эгер мүмкүнчүлүк болсо жашоого шарт түзүп берсек. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Кыргыз Эл баатыры", — деди Масалиев.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри кечээ, 15-мартта, Чүй облустук ооруканадагы Акрамовдун Хирургия реконструкциялык калыбына келтирүү илимий борборун жапканын билдирген. Ошондой эле анын үйү жоктугун, ошол оорукананын имаратында жашап жатканын айткан.
Министр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасындагы чуунун себебин түшүндүрдү